Алдыңкы 4 күндө Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп,
айрым жерлерде үшүк жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
бүгүн түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп, -3 градуска чейин түшүп,
үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай аба ырайы өрүктүн бүчүрлөрүнө жана
гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч жаратат.