Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 миллион адамдан ашты

Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка таянсак, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2 миллион 984 миң адамдан ашып кетти.

Ал эми өлгөндөр 128 071 болсо, айыгып кеткендердин саны 501 206 адамды түзгөн.

Мамлекеттер боюнча COVID-19 жуктургандардын эң алдында 609 696 жараны менен АКШ турат. Экинчи орунга Испания (177 633), үчүнчү орунга Италия (162 488) чыкты. Коронавирус эң көп жайылгандардын тизмесине Германия — 132 321, Франция — 131 362 кирген.

Кыргызстандын коңшулары Казакстанда — 1 290, Өзбекстанда — 1 275 адамга жетти. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны бүгүн 449 адам деп айтылды.

Бүгүнкү статистика боюнча эң аз саны Йеменде катталды, бул өлкөдө коронавирус бир кишиге жуккан.