Кыргызстандыктарда өз алдынча ковидди аныктай ала турган мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөнүн дарыканаларында
түркияда өндүрүлгөн экспресс-тесттер сатыла баштайт. Сатып алуучуларга акыркы
бааны дарыканалар өздөрү орнотот, бирок алар ПЦР-анализге караганда кадыресе
арзан болот. Экспресс-тестти жүргүзүү үчүн 15 мүнөттөн ашык талап кылынбайт,
жыйынтыгы 5 мүнөтөн кийин эле белгилүү болот. бирок, үй шартында ковидди аныктоо
расмий деп кабыл алынбайт. Бул жеке иммундук статусту көзөмөлдөп турууга жарайт.