Лондондо суунун үстүндөгү кинотеатр ачылды

Лондондо суунун үстүндөгү кинотеатр ачылды. Чоң экран Темза дарыясынын жээгинде орнотулса, көрүүчүлөрдүн орундуктары так эле суунун үстүндө. Аларга жетиш үчүн кайыкта сүзүп баруу керек.

 

Ишкерлер муну менен пандемия учурунда салттуу сеанстарга барбай калган көрүүчүлөрдү тартуу ниетинде. Жаңычылдык Лондон тургундарына жакты. Суудагы кинотеатрда эми дайым көрүүчүлөрдүн саны арбын.