Кумшекерден баш тарткан адам өзүн жакшы сезе баштайт

Кумшекерден баш тарткан адам өзүн жакшы сезе баштайт.

Буга россиялык эндокринологдор ишендиришүүдө. Алардын айтымында,

тамак сиңирүү жакшырып, теринин өңү өзгөрүп, жылмакай болуп калат.

Ошондой эле уйку жакшырат. Мындан сырткары күч жумшабай эле бир-эки

килограммга арыктаса болот. Анткени кумшекерден улам организмде суюктук

пайда болот. Эгер кан басым жогору болсо, ал басаңдайт. Ошондой эле

жүрөккө күч келбей калат. Кошумчаласак, чоң киши бир күндө 25 грамм же

беш чай кашык кумшекер колдонсо болот.

Ал эми балдарга күнүнө 15 граммдан ашык берүүгө болбойт.