Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият уйлөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өтөт.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аттестациялоо министрликтин 2022-жылдын 21-октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.
Аттестациядан өтүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге алдын ала маалымдама берилген.
Учурда тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат.