Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан кире беришине «Жалал-Абад шаары» деген стелла курулду.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, стелланын айланасы жарыктандырылып, брусчатка төшөө жана газон себүү жумуштары аткарылган.
Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн 858 миң сом акча каражат сарпталды.