Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФА рейтингинде дагы бир сапка төмөндөп, 99-орунга жайгашты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФА рейтингинде дагы бир сапка төмөндөп, 99-орунга жайгашты.

Биздин командада 1 миң 240 упай бар. Тизмеде жалпысынан 210 команда жайгашты. Лидерлер үчилтигин

Бельгия, Франция жана Бразилия бекитет. Андан кийин Англия, Португалия, Испания турат. Ал эми

Россиянын курамасы 38-сапта жайгашты. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын курамасы 2019-жылдын

ноябрынан бери оюн талаасына чыга элек. Июнда футболчуларды 2022-2023-жылкы Дүйнө чемпионатынын

тандоо турунун жана Азия биринчилигинин алкагында Япониянын Осака шаарында 3 беттеш өткөрөт.