Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторий жана лагерлерде текшерүүлөрдү жүргүзбөйт

Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторий жана лагерлерде текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Ведомство жетекчиси Медетбек Маметов билдиргендей, өткөн жылдын 1-январынан бери эс алуу жайларындагы объектилерди текшерүүгө мораторий киргизилген.

 

Андан улам, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилерине экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча эрежелерди сактоо боюнча эскертүүлөр гана берилди.

 

Эске салсак, 1-июндан тарта Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылып, аймакта эс алууга уруксат берилди.