БШК президенттик шайлоолорго бюллетендердин текстин 21-декабрга чейин бекитет

БШК президенттик шайлоолорго бюллетендердин текстин 21-декабрга чейин бекитет. Документтерди даярдоодо көзү начар көргөндөр жана азиз адамдар үчүн Брайль шрифтин колдонуу дагы каралган. Бюллетендер 2-январга чейин басып чыгарылып, 8-январдан кеч эмес бардык шайлоо участкаларына жеткирилиши керек.

 

Эске салсак, талапкерлерден арыз кабыл алуу эртең токтотулат.

 

Учурга карата 23 талапкердин арызы кабыл алынды. Конституцияга ылайык, өлкөнүн башкы постуна каалоочулардын саны чектелбейт.