Кыргыз-казак чек арасынын Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү жакында ачылат

Кыргыз-казак чек арасынын Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү жакында ачылат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, анда чек арадан өткөндөрдү текшерүү үчүн санитардык түйүн орнотулуп, анда медицина кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулат. Түйүндүн ачылышынын так күнү белгилене элек. Аны эки тараптуу чечүү керек. Эске салсак, “Каркыра-унаа жолу” бекети жайында гана ачылат.