Обсервацияларда жаткандардын көбү мөөнөтүнөн мурда үйлөрүнө кое берилди

Обсервацияларда жаткандардын көбү мөөнөтүнөн мурда үйлөрүнө кое берилди.  Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, 14 күндүк карантинге 2 миң 14 адам жаткырылган. Карантинди үй шартында өткөрүүгө жиберилгенден кийин обсервацияда 585 адам калды.

 

Обсервациядагылардын лабораториялык анализинде вирус жукканы тастыкталбагандыктан үйүнө жиберилди. Алар сөзсүз түрдө үйдөгү карантиндин эрежелерин жана өздүк гигиенены сакташы керек.