Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз айди карта берүү кампаниясын улантууда

Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз айди карта берүү кампаниясын улантууда. Бүгүнкү күнгө карата документтерге 37  жаран ээ болду.

 

Буга чейин кызмат улуттук кампания жарыялаган, анын алкагында бир нече категорияга кирген адамдарга паспорттор акысыз берилет.

 

Аларга балдар интернаттарынын тарбиялануучулары, жетимдер, майыптар, 70 жаштан жогорку пенсионерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун, баткен окуяларынын катышуучулары кирет. Жалпысынан 67 арыз кабыл алынды.