Кыргызстан жана Тажикстандын коргоо министрликтери чек ара аймагынан аскер кызматкерлерин жана техникаларын алууну жыйынтыктады

Кыргызстан жана Тажикстандын коргоо министрликтери чек ара аймагынан аскер кызматкерлерин жана техникаларын алууну жыйынтыктады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, эки тараптуу биргелешкен комиссия иштеп жатат, ал буга чейин аскер техникалары ээлеген позицияларды териштирип жатат. Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, түндө ок атышуу болгон жок.