Кайра шайлоого аттанган партиялардын талапкерлеринин тизмеси 23-июнга чейин жарыяланат

Кайра шайлоого аттанган партиялардын талапкерлеринин тизмеси 23-июнга чейин жарыяланат. БШКнын маалыматына ылайык, 20-июнга чейин шаардык шайлоо комиссиялары партияларды каттай алат.

 

Эгер саясий уюмдар кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтө албаса, анда 3 күндүн ичинде чечимди соттон талашса болот. Белгилеп кетсек, шаардык шайлоо комиссияларына документ тапшыруу мөөнөтү 13-июнда жыйынтыкталат.

 

Ал эми добуш берүүнүн өзү Бишкек, Ош жана Токмокто 11-июлда өтөт.