Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн айыптарды текшерүү үчүн жаңы сервис пайда болду

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн айыптарды текшерүү үчүн жаңы сервис пайда болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Төлөм” аталышындагы портал Генералдык прокуратура менен биргеликте ишке кирди.

 

Бирдиктүү реестрдин максаты – жол эрежесин бузгандар жөнүндө бардык маалыматты чогултуу жана бир жерде сактоо.

 

Айыптын бар-жоктугун билүү үчүн унаанын мамлекеттик номерин жана ПИН-кодду терүү керек. Башкармалыктан эске салышкандай, айыптар төлөнбөсө – эреже бузуучунун мүлкү жана банк эсеби камакка алынып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы мүмкүн.