“Манас” аэропорту Кытайдын Чэнду шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. Аба майдандын маалыматына ылайык, Бишкекке 67 жүргүнчү келди. Эске салсак, рейстерди кытайлык лоукостер аткарат.
Бул багытта самолеттор жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү учат. Каттам кийинки жылдын 30-мартына чейин аткарылып турат.