Министрлер кабинетинин 1-январдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө

Министрлер кабинетинин 1-январдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө. novosti.kgге Каржы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга апрелде айып салынып баштаган, ал эми катардагы айдоочуларга административдик жаза киргизүү 2024-жылга жылдырылган.

 

Анын ортосунда, жаңы жылдан тарта патент системасы жокко чыгарылгандыктан, Экономика министрлиги жарандарга айып салууну кийинки жылдын июль айына калтырууну сунуштады.

 

Бирок кийин президент патенттерди дагы жарым жылга калтырган. Муну менен ОСАГО боюнча токтомго өзгөртүү киргизилген жок, 1-январдан тарта полиси жок жарандарга айып салуу чечими күчүндө.