Оштон Жидда шаарына түз аба каттамы ачылат. Сауд арабиялык лоукостер аталган багыт боюнча рейстерди үстүбуздөгү жылдын 21-августунда аткарып баштайт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, каттам жумасына 3 жолу аткарылат.
Белгилеп кетүүчү нерсе, Ош менен Жидда шаарларынын ортосунда түз аба каттамы биринчи ирет ачылып жатат.
Буга чейин Шарм-Эль-Шейх аркылуу транзиттик учуулар ишке ашып келген.