Кыргызстанда быйыл аэропортторду жаңыртуу пландалууда

Кыргызстанда быйыл аэропортторду жаңыртуу пландалууда. “Манас” эл аралык аэоропортунун жетекчилигинин маалыматына ылайык, бир нече долбоорлор боюнча сметалык документацияны иштеп чыгууга сынак жарыяланды.

 

Алсак, “Каракол” аба бекетинин жаңы имаратын куруу жана “Баткен” аэпортундагы айрым элементтерди оңдоо пландалууда.

 

Андан тышкары, Ош аэробекетинде жүк терминалын куруу жана Нарын аба майданында жаңы имарат тургузуу суроолору каралып жатат.