Оштогу кылмыштуу топтун 5 мүчөсү 2 айга камакка алынды.
Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа соту кармалган 5 жарандын баш коргоо чарасын карады.
Алар №5-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөшөт. Буга чейин маалым болгондой,
Криминалдык милиция кызматынын жана тез аракеттенүүчү отряддын кызматкерлери
атайы операция жүргүзүп, Оштогу кафелердин жанынан кылмыштуу топтун
5 мүчөсүн кармашкан. Аларга ээнбаштык боюнча кылмыш иши козголду.