Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуулар азайды


Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуулар азайды.

Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылы августта мигранттар өлкөгө

237 миллион 400 миң доллар которушту. Бул июль айына салыштырмалуу

10 миллион 600 долларга аз. Ушул жылдын 8 айында республикага жалпысынан

1 миллиард 462 миллион 700 миң доллар которулду, бул былтыркы жылдын аталган

мөөнөтүнө караганда 107 миллион 800 миң долларга аз.

Акча которуулардын басымдуу бөлүгү бизге Россиядагы мигранттардан келет.