“Манас” эл аралык аэропортунда чек ара көзөмөлүн өтүү схемасы өзгөрдү

“Манас” эл аралык аэропортунда чек ара көзөмөлүн өтүү схемасы өзгөрдү. Бул эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүнө тиешелүү.

 

Каттоо жана багаж тапшыруу мурдагыдай эле экинчи кабатта жүргүзүлөт, ал эми бажы жана чек ара көзөмөлү үчүнчү кабатта, аэропорттун батыш тарабындагы жаңы имараттын ичинде. Бул өзгөрүүлөр аба майдандын курулушу жыйынтыкталганына байланыштуу.

 

Имарат жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кеңейтилди.