Калкты тейлөө борборлору чектөөлөр алынгандан кийин  жарандарды кабыл алууга даярданууда

Калкты тейлөө борборлору чектөөлөр алынгандан кийин  жарандарды кабыл алууга даярданууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, аларда жарандарды жана кызматкерлерди инфекциялык оорулардан коргоо чараларын киргизүү боюнча даярдыктар жүрүүдө.

 

Алсак, кызматкерлер менен келген адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо үчүн кызыл ленталар жана пленкалар тагылып жатат. эске салсак, калкты тейлөө борборлору 21-майдан тарта иштеп баштайт деп пландалууда.