Москвадагы айланма жол тилкесиндеги метродо Кыргызстанга арналган вагон пайда болду

Москвадагы айланма жол тилкесиндеги метродо Кыргызстанга арналган вагон пайда болду.

Бул тууралуу видео Facebook социалдык тармагына тарады. Поезддин дубалдары

кыргыз улуттук оймолору менен кооздолгон. Мындан тышкары, анда биздин өлкөнүн

ажайып кооз жерлеринин сүрөттөрү тартылган жана республика тууралуу кыскача

маалыматтар камтылды. Белгилеп кетсек, аталган тематикалык поезд Евразия

экономикалык кызматташтыгынын 5 жылдыгына арналып, Москванын айланма жол

тилкесине кое берилди. Анда 2 секциондук вагондор бар жана анын ар

биринин интерьери ЕАЭСке шериктеш мамлекеттерге арналган.