Бир айдын ичинде Кыргызстанда 10 миң жаран ID-паспорт алып улутун көрсөтүштү.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, “улуту» деген графа жарандын
өз каалоосу менен ID-паспортто көрсөтүлөт. Бирок жаран жаңы графаны кошуудан баш тартып,
2017-жылдагы үлгүдөгү документти да алса болот. Эске салсак, 15-декабрдан баштап
негизги жарандык документке «улуту» деген графа кайрадан киргизилген