Мартта өлкө боюнча район акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтөт.
Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдиргендей,
аттестация 3 этапта өтөт, алгачкысы 10-мартта башталат. Алардан ийгиликтүү өткөн
кызматкерлер жергиликтүү бийлик орундарына сунушталат. Ал эми талаптарга туура
келбегендер кызматтан бошотулат. Аттестациянын жыйынтыгын
бекитүү боюнча чечимди өкмөт кабыл алат.