Кыргызстанда ооруканалардын ремонту жана курулушу өз убагында аяктайт

Кыргызстанда ооруканалардын ремонту жана курулушу өз убагында аяктайт.

 

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, бардык медицина жайлары тиешелүү жабдуулар менен камсыздалып, дарыгерлер дагы толук кандуу кабыл алынат.

 

Эске салсак, Кыргызстан боюнча учурда 14 оорукананын оңдоо иштери жана курулушу жүрүп жатат. Алгач жарыяланган 12 медицина жайына Жалал-Абаддагы жана Ош облусунун Чайчы айылындагы ооруканалар кошулду.