Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты. Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган.

 

Ага ылайык, айыпталуучу М.Р.Ы. карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга, башкача айтканда, 2024-жылдын 26-июнуна чейин узартылды.

 

Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

 

Ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга алынып келген.