Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 миллион доллар берди

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 миллион доллар берди. Аталган каржы мекемеден билдиришкендей, сумманын 27,5 миллиону грант катары берилсе, калганы 38 жылга насыя.

 

Каражат табигый кырсыктарга туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу жана мектептердин сейсмикалык абалын жакшыртууга багытталат. Анын алкагында өрткө каршы система жаңыртылып, өрт өчүрүү техникасы сатылып алынат.