Мектеп директорлугуна талапкерлердин 147си тесттен өттү

Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган мектеп директорлорунун бош орундары үчүн сынакка 490 талапкер документ тапшырган. Документтердин текшерүүсүнөн кийин тестирлөөгө 284 адам катышкан. Министрлик 15-апрелде тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 талапкер 60 упайдан жогору алып, тесттен ийгиликтүү өтүштү.

Анын ичинен Ош облусунан 32, Жалал-Абад облусунан 25, Ысык-Көл облусунан 17, Бишкек шаарынан 17, Нарын облусунан 16, Таластан 11, Чүйдөн 10, Баткенден 9, ал эми Ош шаарынан үч талапкер гана 60тан жогору упай алышкан.

Мындан тышкары республикага баш ийген мектеп-интернаттарга жети талапкер өттү.

Сынак өтпөгөн же талапкер тиешелүү упайды ала албай калган мектептерде кайрадан сынак болот.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл мектеп директорлорун конкурстук тандоо боюнча жобого өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, мектеп директорлугуна эки жылдан кем эмес жетекчилик тажрыйбасы бар, кур дегенде орун басар болуп иштегендер ат салыша алат. Талапкерлер жылына бир гана жолу сынакка катышат. Буга чейинки жободо сынактан кулап калса, кайрадан талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар эле.

Ошол эле маалда бир эле адам мектепти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолудан ашык (10 жыл) башкара албайт. Сынакка соттолгон адам катыша албайт.

Эң жакшы натыйжага ээ болгон жеңүүчү менен эмгек келишими түзүлөрдөн мурда ага сыноо мөөнөтү берилет.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт.