Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жылды

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жылды.

 

Мэриядан билдиришкендей, эми 1-июндан 1-сентябрга чейин салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга абанын температурасы  28 градустан жогору болгон учурда саат 10дон кечки 7ге чейин жолдо жүрүүгө тыюу салынат.

 

Эске салсак, буга чейин 5-апрелден 1-октябрга чейин таңкы 7ден кечки 9га чейин  чоң жүк ташуучу унааларга шаар ичинде жүрүүгө тыюу салынган болчу. Бирок айдоочулар митингге чыгып, жылуулук режим жол берсе шаар ичинде жүрүүгө уруксат берүүнү суранган.