Алдыдагы кабыл алуу кампаниясында абитуриенттер 49 жогорку окуу жайына тапшыра алат.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, учурда күзгү Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат.
Ал 27-октябрга чейин жүрөт. Ал эми сынактын өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт. Күзгү тестирлөөнүн жыйынтыгы менен абитуриенттер бир гана келишимдик негизде билим ала алат.