Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө киргизилген тыюу биринчи кезекте бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Дагы бир себеби – ата-энелердин чыгымдарын азайтуу.
Эске салсак, 7-июлда өлкө мектептеринде аттестат тапшыруу аземи өтөт. Ал эми 9-классты аяктап жаткандарга документ 5-июлда берилет. Линейка эртең мененки саат 9да башталат.