Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат. Бул тууралу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эскертишкендей, трассаны куруу долбоору 3 этапка бөлүнгөн. Учурда экинчи жана үчүнчү фазанын алкагында иштер кызуу жүрүп жатат.

 

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы 860 миллион долларды түзөт. Кошумчалап кетсем, альтернативалык трассанын узундугу 400 чакырымдан ашып, ал түштүктөн түндүккө кыска жол ачат.