Кыргызстанда жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Анын айтымында, учурда ведомство эки сценарий боюнча план иштеп жатат. Биринчиси боюнча методисттер телесабактарды тартып, электрондук китептерди даярдашууда.

 

Ал эми  өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, окуу кадимки форматта өтүп, мектептер дезинфекцияланат. Бул учурда ата-эне балдарын коргоочу каражаттар менен камсыздашы керек болот. Эске салсак, пандемиядан улам, Кыргызстан мектептеринде 4-чейрек онлайн форматта өттү.