Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган компаниядан билдиришти.
Бул базар баасынан эки эсе арзан, — дешти мекемеден.
Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания учурда Бишкекте көп кабаттуу 39 үйдөн турган “Мурас” деп аталган турак жай комплексин куруп жатат. Курулуш иштери Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл өңдүү аймактарда да жүрүүдө. Үйлөр жарандарга жеңилдетилген шартта берилет.