Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы  бала бакча жана спорт комплекси пайда болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы  бала бакча жана спорт комплекси пайда болду. Район администрациясынын маалыматына ылайык, объектилер кечээ ачылды.

 

Бала бакча Суу-Башы айылында жайгашып, 50 бөбөккө эсептелген. Аны курууга мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми спорткомплекс Абдраимов айылында орун алган. Анын курулушуна 4,5 миллион сомду демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар чогултту.