Ошто башкы балатынын оту 15-декабрдан кийин жанат

Ошто башкы балатынын оту 15-декабрдан кийин жанат.

Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей,

учурда борбордук аянтта 24 метрлик кыш сулуусунун каркасын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Андан кийин маданият башкармалыгынын кызматкерлери кооздоо иштерине киришет.

Ошто жыл сайын жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 1 миллион сомго жакын каражат жумшалчу,

быйыл пандемияга байланыштуу азыраак сумма багытталат. Ошондой эле концерттик иш-чаралар өтпөйт,

болгону аяз ата жана аяз кыз майрамдык маанай тартуулашат