Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот

Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөө ишке киргизилди. Жаңы төлөм ыкмасы бажы төлөмдөрүн интернет-банкинг аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет.