Милиция жарандарды окуу куралдарын сатып алууда этият болууга чакырат

Милиция жарандарды окуу куралдарын сатып алууда этият болууга чакырат.

Тартип сакчыларынын айтымында, канцелярдык товарларды жана мектеп формасын массалык түрдө сатуучу жайларда көп адамдар топтолот.

Арасында уурулар, чөнтөкчүлөр да болушу мүмкүн.

Мындан улам, жарандар жеке буюмдарына жана акчасына сак болушу керек.