Жалал-Абадда балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда 13 жашка чейинки балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын кубогу башталды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ага өлкөнүн 7 дубанынан жана Бишкек шаарынан жаш футболчулар катышууда.

Балдар футбол лигасы тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага жалпысынан 8 команда катышып, алгачкылардан болуп оюн талаасында Жалал-Абад командасы менен Чүй командасынын оюнчулары күч сынашты.

Аталган футболдук мелдешти өткөрүүнүн максаты жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, футболду өнүктүрүү жана өспүрүмдөрдүн достугун бекемдөө болуп саналат.

Оюндар 20-августка чейин уланат.