Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14-январда кайтып келет

Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14-январда кайтып келет. Коргоо министрлигинен маалым болгондой, жоокерлер “Ак-Жол” өткөрмө бекети аркылуу келет.

 

Эске салсак, ЖККУ 6-январда президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга өз аскерлеринин контингентин жөнөткөн.

 

Кыргызстандан Казакстанга  атайын багыттагы  150 аскер кызматкери, 8 бронетехника жана 11 аскердик техника жөнөтүлгөн.