Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы жок

Кыргызстанда азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү боюнча кооптонууга негиз жок.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бүгүнкү күндө жалпы көлөмү 20 миң тоннага жакын кумшекер бар, бул калк үчүн 2,5 айга жетет, — деди министр.

Ал белгилегендей, өсүмдүк майынын запасы 3 айга жетиштүү.

Мындан тышкары, кампалардагы иштетилген унду кошпогондо 60 миң тоннадан ашык буудай бар.

Жаныбеков коомдо чуу жаратпоого чакырды, анткени бул базардагы баага таасирин тийгизет.