Кыргызстандын дыйкандары буудай жана арпанын үрөнү менен 70 пайызга камсыз болду

Кыргызстандын дыйкандары буудай жана арпанын үрөнү менен 70 пайызга камсыз болду.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл айыл-чарбада 24 миң тонна буудай, 42 миң тонна арпага муктаждык бар.

Иш жүзүндө учурда буудайдын үрөнү 68 пайызга, арпа 73 пайызга даяр.

Үрөндүн жетишпеген бөлүгүн толтуруу үчүн тышкы рыноктордон сатып алуу талап кылынат.