Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык,

76 ишкер 200 миң сомдон, 0,1 үстөк пайыз менен жеңилдетилген насыя алышат. Бул максатта

жалпысынан 15 миллион 200 миң сом багытталат. Тапшырма Экономика жана каржы министрлигине

берилди. Белгилеп кетсек, апрелдин аягында чектеш аймакта катталган кырдаалдагы

жалпы чыгымдын көлөмү 1 миллиард 306 миллион сомго жеткен.