Таласта балбандарды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү

27-октябрда Таластын борбордук аянтында Токио Олимпиадасында жана Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатында байге алган спортчуларды, алардын машыктыруучуларын сыйлоого арналган иш-чара уюштурулду.

 

Иш-чарага Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону (кыз-келиндер күрөшү) Айсулуу Тыныбекова, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (грек-рим күрөшү) Акжол Махмудов, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси (кыз-келиндер күрөшү), дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолку күмүш байге уткан Жоламан Шаршенбеков жана алардын машыктыруучулары Хаким Махмудов, Мейрамбек Ахмедов, Нурбек Изабеков, Чынарбек Изабеков, Азат Эркинбаев жана Улук Карачолоков катышты.

 

Сыйлоо аземи театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков спортчуларга ыраазычылык билдирип акчалай сыйлыктарды тапшырды. Акчалай сыйлык демөөрчүлөр тарабынан берилген.

Спортчулар менен Талас облусунун жаштар өкүлдөрүнүн жолугушуусу да пландалган.