Өзгөн районунун Куршаб айылындагы ирригация тармагы жакшыртылууда

Өзгөн районунун Куршаб айылындагы ирригация тармагы жакшыртылууда.

Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Долбоор Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланды. Калыбына келтирүү иштери былтыр

апрелде башталган. Учурда жумуштар дээрлик аяктап калды. Иштер толугу менен

соңуна чыкканда аймакка жакын жайгашкан 1,5 миң гектар жер суу менен камсыздалат.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 2026-жылга чейин ирригация тармагы 3-этапта жакшыртылат.