Бишкектин Элебесов көчөсүндө бүгүнтөн тарта кыймыл татаалданат

Бишкектин Элебесов көчөсүндө бүгүнтөн тарта кыймыл татаалданат. Анын Фере көчөсүнөн төмөн жагында узундугу 2 чакырымга созулган магистралдык тармактарды салуу иштери жүргүзүлөт.

 

Долбоорду ишке ашыруу менен борбордук канализацияга 5 миңден ашык адам кошулат. Жумуштар 20-июлга чейин жыйынтыкталмакчы. Айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.