Индияда полиция контрабанда иши боюнча тоту кушту суракка алуу аракетин көрдү

Индияда полиция контрабанда иши боюнча тоту кушту суракка алуу аракетин көрдү. Тартип сакчылар шектүү эркектин үйүнө келгенде ал качып кеткенин жана бөлмөдө клеткадагы канаттууну гана көрүшкөн.

 

Полиция кызматкери тоту куш менен сүйлөшүүгө аракет жасап, суроо берип көрдү. Бирок канаттуу ээсин тартип сакчыларга саткан жок. Андан “табак” деген сөз гана чыгып жатты.